Жергиликтүү тургун Сергей Кузин украиналык аскерлер Соледарды фосфор снаряддары менен аткылап, аны Россия тарапка шылтап жаткандыгын РИА Новостиге айтып берген.
"Мен чыгып кеткен адамдардын күйгөн үйлөрүн өзүм өчүрдүм. Мен түшүнгөн жокмун. Фосфор, гирлянддарды айырмалай албайм. Носовка жакта жер бар, ошол тараптан атышты, ал эми бизге россиялык армия деп коюшту. Россия аскерлери Владимировканы алганда алыс болчу. Жайында бизде көп үйлөр өрттөнүп кетти", — деди ал.
Ал украиналык танкалар эл жашаган аймакка туруп алып, ошол жактан ок чыгарышкандыгын кошумчалады.
"Үйлөрдүн алдына кирип алып атканды жакшы көргөн танкалар бар болчу. Биз жакта беш ай жүрдү. Башында бир нече болчу, кийин бирөө эле калды. Кишини чочутчудай болуп жүрчү", — деди ал.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрү Соледарды түштүк жана түндүк жагынан камалап, "Вагнердин" түптөөчүсү Евгений Пригожин эл жашаган жайдын украиналык аскерлерден бошотулгандыгын билдирген. ДЭРдин башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилиндин айтымында, мындан соң Артемовскини бошотуу мүмкүнчүлүктөрү бир топ жакшырганын айткан.
Азыр Соледардын жай тургундарын Шахтёрск шаарына жайгаштырып жатышат.