Иш-чара эртең, 13-январда, саат 11:00дө онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан маалымат борборунун "Вконтакте" тармагынын баракчасынан түз алып көрсөтүлөт. Тегерек стол мамлекеттик тилде болот.
Акыркы убакта социалдык тармактардын жана массалык маалымат каражаттарынын кыргыз сегментинде турак жай курулуш кооперативдерине жамынып иштеп жаткан каржы пирамидаларынын айынан он миңдеген долларын жоготуп жаткан, алданган жарандар тууралуу маалыматтар көбөйүүдө. Анда адамдардын конституциялык укуктарын коргой турган тиешелүү мамлекеттик органдардын чара көрбөй жаткандыгы айтылат.
Мамлекеттик органдар каржы пирамидалары менен кантип күрөшөт? Кантип алданып калбоо керек? Шылуундардын тузагына түшүп калган киши эмне кылышы керек? Ушул жана башка суроолор тегерек столдун катышуучулары тарабынан талкууланат.
Тизме:
Сыдыков Орозбек Кадырбекович — юстиция министринин орун басары;
Башкы прокуратуранын өкүлү;
Жогорку Кеңештин депутаттары;
Макилов Султан Бейшенбекович — ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы;
Карачалов Элдияр Разылбекович — Курулуш жумушчуларынын жана турак жай курулуш материалдарынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы;
Исматиллаев Бердияр — Биринчи турак жай кооперативинин төрагасы;
Болушева Зейне Болушевна — "Ордо мурас" турак жай кооперативинин төрагасы;
Болотбеков Бакытбек Болотбекович — "АИС хоум" коммерциялык эмес кооперативдеринин төрагасы;
Арзыматова Зарина Маратовна — Эл аралык керек-жарак кооперативинин төрайымы.
Урматтуу кесиптештер, эгерде сурооңуздар болсо (0553) 28-27-97 Telegram номерине жөнөтсөңүздөр болот. Модератор аларды түз эфирде берет.