Пресс-борбор

Адистер турак жай кооперативдери эмнеден улам кризиске тушукканын айтышты

Юстиция министринин орун басары кооперативдер чогулган каражатты максатсыз пайдаланып жиберди деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Туура эмес эсептөөлөрдүн жана Улуттук банктын негативдүү билдирүүсүнүн айынан турак жай кооперативдеринде кризис жаралды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Турак жай кооперативдеринин келечеги жана ага алдангандардын тагдыры" аттуу тегерек столдо айтылды.
"АИС хоум" коммерциялык эмес кооперативдеринин төрагасы Бакытбек Болотбеков кооперативдин ырааттуу чынжыры үзүлгөндүктөн көйгөй жаралганын белгиледи.
"АИС хоум" коммерциялык эмес кооперативдеринин төрагасы Бакытбек Болотбеков

"Былтыр февраль айында Улуттук банктын "турак жай кооперативдери пирамида болушу мүмкүн, абайлагыла" деп ЖМКларга маалымат тараткандан кийин эл арасында массалык түрдө негатив пайда болду. Анан март айынан тарта эл кооперативдерге келишим түзүп келгендин ордуна кезекте тургандар чыгып кетип жатты. Кооператив эмес, банктарды алып көрөлү. Эгер депозитке акчасын салган адамдар негативдүү маалыматты угуп, анан бир айдын ичинде чекесинен акчасын алып баштаса, банк дагы банкротко учурайт. Анткени алар дагы элдин акчасын алып, кредитке берип пайда табат. Коопертивдин деле жумушу ошол, жаңы мүчөлөр катталып, акчасын төлөйт, аны чогултуп кезекте тургандарга үй алып берет", — деди Болотбеков.

Ошондой эле ал кооперативге жаңы мүчөлөр кошулбагандыктан каражаты жок алдыдагы адамдарга турак жай алып бере албай калышканын айтты. Мындан улам ызы-чуу болуп, укук коргоо органдарына кайрыла башташкан.
"Турак жай кооперативдерине кылмыш иш козгобой, жарандык-укуктук мамиле катары каралышы керек эле. Себеби бул жарандык тартипте карала турган нерсе, азыр пирамида, алдамчылык менен кылмыш ишин козгоп жатат. Кооператив жабылып калдыбы, качып кеттиби, акчасын сыртка чыгарып жатабы, карашы керек эле. Акчасын кичинеден болсо да кайтарып берип жатабы, демек, ал өз ишин аткарууга жай, акырын болсо да аракет кылууда. Мурда үй алгандардан акча түшө берет да. Ошентип отуруп 2022-жылы Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн 15 кооператив болсо, 13-14ү жабылып калды", — деди Болотбеков.
Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков кооперативдер чогулган каражатты максатсыз пайдаланып жиберди деп эсептейт.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков
"Анализдеп көрүп, кемчиликтерин байкадым. Турак жай кооперативдеринин уюштуруучулары өз миссиясын түшүнбөгөндүктөн болду. "Кеттик" деп деле эле байракты көтөрүп чыгып, түшүнбөй туруп баштап алышты. Уставы дагы чаржайыт. Ал коммерциялык эмес уюм болчу. Бирок чоң кирешеси бар ишканадай кылып түрдүү жарнамаларды чыгарып, жылдыздарды, дин өкүлдөрүн тартып жатышты. Эми анын баары жөн келбесе керек, акча төлөштү да. Анан пайщиктерден түшкөн акча башка жакка кетип жатты. Кызматкерлерге жогорку маяна берип, штатын көбөйтүп, жаңы кеңселерди ачып жатышты. Андайга менмендеген банктардын дагы дарамети жетпейт. Булар ошентип алдын ала эсепти туура эмес жасашты. Жарандарда да укуктук маданият жакшы калыптанбагандыктан арзан десе эле чуркап барып, акчасын төгүп жатты. Бир айдан кийин чуу чыкса акчасын сурады. Албетте, кайтарып бере албайт да", — деди Сыдыков.
Ал турак жай кооперативдеринин ишин жөнгө салган мыйзам долбоору иштелип чыкканын, кийинки жумада Жогорку Кеңеште караларын кошумчалады.
Пресс-борбор
ИИМ: 16 турак жай кооперативине иш козголду, эл 900 млн. сомго алданган