Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Батыш Украинадагы абалды жөнгө салууну башынан эле көздөгөн эмес

Небензя Минск келишимдери Украинаны чет элдин курал-жарагы, аскерлери менен камсыздап, аскердик аракеттерге даярдоо үчүн гана керек болгону аныкталды деген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Батыш башынан эле Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну көздөбөгөнүн Ангела Меркель менен Франсуа Олланддын жакында айткан кептери айгинелейт. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин Олланд Меркелдин "Минск келишимдери Киев режимине күчтүүрөөк болууга убакыт берди" деген пикирине кошулган эле.
Ага чейин Меркель Zeit гезитине маек куруп жатып "2014-жылдагы Минск келишими Украина күчтөнүшү үчүн ага убакыт берүү аракети" болгонун билдирген. Мурдагы канцлер НАТО өлкөлөрү ал учурда Украинага азыркыдай жардам бере алмактыгынан күмөн санаган. Россиянын президенти Владимир Путин Меркелдин сөздөрү күтүүсүз болгонун жана көңүл оорутканын билдирген. БУУ мурдагы европалык лидерлердин айткандары боюнча үн катпай, аныгына жетүү вазыйпасын тарыхчылар менен журналисттерге оодарып койгон.
"Бул окуянын түздөн-түз катышуучулары болгон Ангела Меркель менен Франсуа Олланддын жакында эле айткандарынан Батыш башынан эле эч нерсени жөнгө салууну көздөбөгөнү белгилүү болду. Алардын айтымында, Минск келишимдери Украинаны чет элдик курал-жарак, аскерлер менен камсыздап, аскердик аракеттерге даярдоо үчүн гана керек болгон", — деди Небензя.
Дипломат бул тууралуу Пётр Порошенко да айтканын белгилеген.
"Системалык жана укмуштуудай калптын фонунда "тынчтыкты орнотом" деген ураан менен бийликке келген Владимир Зеленскийдин тапшырмаларды аткарууну улантып, өлкөсүн чыныгы апаатка кептегенине таң калбай эле койсо болот", — деп кошумчалаган Небензя.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО баш катчысы: Россия оңой эмес, жеңил-желпи мамиле жасоо кооптуу