Россияда "кракен" штаммына каршы вакцинаны иштеп чыгуу башталды

Россияда "кракенди" биринчи жолу жуктуруп алган учур Пенза облусунда катталган. Ал коронавирустун эң жугуштуу штаммы экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Гамалея эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө борборунун адистери жаңы штаммдардан, анын ичинде "кракенден" коргой турган коронавирустук вакцинанын үстүндө иштей баштады. Бул тууралуу аталган борбордун директору Александр Гинцбург РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Ооба, жаңы вакцина иштелип жатат. Ал вирустун Х-XBB жана XBВ.1.5 ( "кракен") түрлөрүнө каршы болот. Мен "кракен" канчалык тез жайылып кетерин билбейм, бирок вакцинаны тез арада жасаш керек", — деген Гинцбург.
Буга чейин Роспотребнадзор Россияда коронавирустун жаңы "кракен" аттуу омикрондук штаммын жуктурган биринчи учур катталганын маалымдаган. Азырынча буга байланыштуу чектөөлөрдү киргизүү карала элек. Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илимий институтунун геномдук изилдөөлөр лабораториясынын жетекчиси Камил Хафизов РИА Новостиге "кракен" штаммы Россияда үстөмдүк кылышы мүмкүн экенин айткан.
Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова "кракенди" жуктуруп алганда COVID-19га каршы эмдөө жетишсиз болорун айткан.
Коронавирустун эң жугуштуу штаммы. Россияда "кракен" катталды