Оштогу трагедия. 33 жаштагы келинди жана үч баласын ис уруп көз жумду

Үй ээси трагедия учурунда жумушунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык башкармалыгынын Качыбек айылында 33 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып көз жумду. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Каза тапкандар:
Б. кызы М. 33 жашта, балдардын энеси;
А.А. 10 жаштагы эркек бала;
А.А. 9 жаштагы кыз;
А.А. 4 жаштагы эркек бала;
Милиция төртөөнү тең ис урганын билдирди.
Окуя 10-январь күнү кечинде болгон.
"Үй ээси устачылык менен алектенгендиктен трагедия болгон учурда жумушунда болгон. Келинчегинин жана үч баласынын каза болгонун 11-январь күнү билген. Ал үйүнүн эшиги бек болгондуктан талкалап кирип, үй-бүлөсүнүн каза болуп калганын көргөн", — деп айтышты милициядан.
Кадамжай: бир үй-бүлөдөн 6 адам көз жумду. Алдын ала себеби айтылды