БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ичеги-карындын начар иштеши адамдын сексуалдык жашоосун бир топ солгундатып, айрым учурда таптакыр жок кылып коюшу да ыктымал. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде терапевт, гастроэнтеролог Вера Самсонова менен психолог Михаил Лабковский айтты.
"Ичеги-карыны туура эмес иштеп жатканда адамдын ичи ооруп, дааратканага улам-улам баргысы келе берет. Көпчүлүк учурда ич көөп, жагымсыз абалга кетпейт. Тамак сиңбейт. Мындай абалга кабылгандардын көпчүлүгү "төшөктөгү жашоосу" начарлап кеткенин айтышат", — деди Самсонова.
Ал эми психолог киши кыйналып турган учурда сүйүктүү адамын дагы жактырбай каларын айтат.
"Каалоо жок кезде төшөк кумары эң жакын адамды дагы жагымсыз кылып коет. Андыктан киши кыйналып жатканын жашырбай, түгөйү менен ачык сүйлөшүшү керек. Болбосо, ал мени жаман көрөт деп ойлоп, акырындан алыстап кетет", — деди Лабковский.
Адис ичегиси начар иштеп жатканын байкагандарга ооруканага кайрылууну сунуштайт. Анткени аны өз алдынча дарылоого болбойт.