ТЭЦтеги аварияда иштен кеткен Нурлан Өмүркул уулу кайра жетекчи болуп келди

Өмүркул уулу иштен кеткенден кийин аттиш 640 долларга сатып алынганын жар салган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек жылуулук электр борборунун (ТЭЦ, ЖЭБ) жетекчиси болуп Нурлан Өмүркул уулу дайындалды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардыктар катуу суукта эки-үч күн жылуулуксуз отурган. Ошол учурда мекемени Нурлан Өмүркул уулу жетектечү. Бул кырсыкка байланыштуу ал бир жумадан кийин иштен алынган.
Арадан бир жарым ай өткөндөн кийин Өмүркул уулу жылуулук электр борборун жаңылоо учурунда жасалган коррупциялык иштер боюнча жана авариянын чыныгы себеби тууралуу айтып чыккан. Ал модернизациялоо учурунда бир эле аттиш 640 долларга сатып алынганын жар салган болчу.
"Тазалык" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды