Кыргызстанда кайсы айда жумуш табуу жеңилирээк экендиги айтылды

Маалымат иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жылдын башы жаңы жумушка орношууга ыңгайлуу мезгил болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумушту онлайн издөө жана жалдоо боюнча иш алып барган HeadHunter платформасы билдирди.
Маалымат иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
"Эмгек рыногунда жыл башында иш берүүчүлөрдүн саны көп, жумуш издегендер аз болот. Бул убакта жумуш таап, орношуу жеңилирээк. Кыргызстанда мындай ыңгайлуу учур январь-февраль жана август айларына туура келет", — деп айтылат маалыматта.
Платформанын маалыматы боюнча, жыл башында өлкөдө сатуу боюнча менеджерлер, бухгалтерлер, айдоочулар, финансисттер жана колл-борбор адистери арбын изделет.
Жаңы жылдык узак эс алууга байланыштуу бир нече ишемби жумуш күнү болот