Эсеп палатасы: Түндүк — Түштүк жолун куруудагы мыйзам бузуулар аныкталды

Аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Эсеп палатасы Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги мыйзам бузууларды аныктаганын маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорунун биринчи жана экинчи фазасын ишке ашыргандар каржыны кымырып алышкан.

"Транспорт жана коммуникация министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашырган топтору 52 594,9 доллар суммасында каржылык мыйзам бузууларга баргандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Эсеп палатасынын билдирүүсү боюнча, Арал — Казарман жолун курууда подрядчы ишкана China Road and Bridge Corporation иштин баасын жогоруда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүп койгон.
"Аудиттин жүрүшүндө экинчи фазаны ишке ашыруу учурунда насыялык каражатты үнөмдөгөн сумма аныкталды. Анын жыйынтыгында эстакадалык үч көпүрөнү жана эки галереяны долбоорлоого каралган 530 миң долларлык иш кыскартылган. Бул жеңилдетилген насыялык келишимдин шарттарын бузуу болуп саналат", — деди палатадан.
Эсеп палатасынан Транспорт министрлигине бул боюнча тапшырмалар жана сунуштар жөнөтүлөт. Аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга берилери айтылды.
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун куруу маселеси 2010-жылы көтөрүлгөн. 2014-жылы куруу иштери насыялык каражаттын эсебинен башталган. Аталган жолду куруунун жалпы суммасы 850 миллион долларды түзүп, анын көп бөлүгүн Кытай бөлгөн. Жолду эксплуатацияга берүүнүн мөөнөтү бир нече жолу жылдырылды. Транспорт министрлигинин соңку билдирүүлөрү боюнча, ал 2024-жылы толук салынып бүтөт.
Министрлик альтернативдик бул жол стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниге ээ экендигин айтып келет. Ал өлкөнүн түштүк аймактарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарына баруудагы жолду кыскартып, жүргүнчүлөрдүн чыгымын азайтып, облустар аралык сооданын көлөмүн көбөйтүп, туризмдин өнүгүшүн шарттайт деп айтылган.
Балыкчы — Корумду жолун курууда 1,1 млрд сом максатсыз корогону аныкталды