ИИМ академиясында окуган кыз жол кырсыгынан каза болду. Шектүү кармалды

Каргашадан көз жумган курсант 24 жашта болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте унаасы менен кызды сүзүп кетти делген айдоочу кармалды. Кырсыктан каза болгон кыз ИИМдин алдындагы академияда окугандыгын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.
Кармалган адам 48 жашта
Билдирмеге ылайык, 9-январда эртең менен Бишкек шаарындагы Жибек Жолу менен Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсыктан 24 жаштагы кыз каза болгон. Ал эми айдоочу из жашырып кеткен.
"Кармалган адам 48 жашта. Тергөө иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККБ айдоочуларга жол кырсыгы болгон учурда ал жерден качып кетүү, адамды кооптуу абалда калтыруу үчүн да чара каралганын эскертти.
Бишкекте жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Кош бойлуу келин оор абалда