БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кадырлуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга чейин улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча атайын план бекитилген. Карыларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн жыл сайын пенсиялар жогорулатылат, тилектештик пенсиясынан тышкары жарандардын пенсиялык топтоо фондуна акча салууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү жогорулатылууда, улгайган жарандардын социалдык стационардык мекемелердеги жана үйүндөгү багуусунун шарттары жакшыртылууда.
Ошону менен катар социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү жолу менен улуу муундун мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл бурулуп жатканы белгиленди.