Өлкөдө чилде күчүндө. Ашууларда абал кандай

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 14-январга чейин тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшөрүн эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-Янв. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 106-чакырымында фуранын бузулгандыгына байланыштуу "Сосновка" постунда чоң жүк ташуучу автоунааларга саат 9:30дан тарта убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ал эми жеңил автоунаалар үчүн Бишкек — Ош жолу ачык.
Маалыматка ылайык, Суусамыр өрөөнүндө чилде күчүнө кирип, абанын температурасы -45ке түшкөн. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык, ашууларда транспорттун бардык түрү каттап жатат.
Министрлик сапарга чыккан айдоочуларга кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Ошондой эле айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектиги эскертилди.
Катуу суукта үшүктөн сактай турган тогуз эреже