1-январдан тарта күчүнө кирген, ишкерлерди текшерүүгө жарыяланган мораторий иш жүзүндө аткарылып жыйынтык бериши керек. Бул тууралуу Аззамбек Жээнбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын, салык жана көзөмөлдөөчү органдардын көп сандаган текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чабуусу ишкерлик чөйрөнүн ишине тоскоол болуп келет.
"2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Албетте, мамлекет башчысынын бизнести колдоого алганы жакшы белги. Анын иш жүзүндө аткарылып жыйынтык бериши күмөн жаратпашы керек. Анткени буга чейин да президенттер тарабынан мындай кадамдар болуп келген. Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийлердин натыйжалуулугун текшерген анализ керек. Бүгүнкү күндө өкмөттүн кайсы мамлекеттик органы муну ишке ашырары да белгисиз болуп, зарыл чаралар иштелип чыга элек", — деди Жээнбай уулу.
Ошондой эле адис өлкөдөгү ишкерликтин абалын жакшыртуу үчүн бизнес-коомчулук менен өкмөттүн ортосундагы диалогду жакшыртуу керектигин кошумчалады.