Бишкекте суу майдын бир литри 110 сомдон сатылууда. Дареги

Бааны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында өсүмдүк майынын бир литри 110 сомдон сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Анда айтылгандай, аталган жайда Россияда өндүрүлгөн май сатылууда. Бааны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилеген.
Базанын дареги: Лев Толстой көчөсү, №234, байланыш телефону: 0558 90 06 66.
Кыргызстан өсүмдүк майын сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси