Пресс-борбор

ИИМ: 16 турак жай кооперативине иш козголду, эл 900 млн. сомго алданган

Учурда тергөөдө 1 524 жарандын арызы каралып жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр 16 турак жай кооперативинин үстүнөн арыз түштү. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өтүп жаткан "Турак жай кооперативдеринин келечеги жана ага алдангандардын тагдыры" аттуу тегерек столго катышууда.
"Ар бир турак жай кооперативинин аталышын айтпай эле коёюн. 1 524 кылмыш иши козголду. Бул — биз "кылмыштын курамы бар, соттук кароого жатат" деп аныктагандан кийинки сандар. Алданып калгандар көп. Жарандар зыян тарткан каражаттын суммасы 900 миллион сомдон ашуун", — деди Макилов.
Аны менен катар ал тергөөнүн алкагында 110 миллион сомдой өндүрүлгөнүн белгиледи.
Белгилүү адамдарга ишенип, кооперативге алданбагыла! Милициянын кайрылуусу