Жылынуучу жайлар жалпы өлкө аймагы боюнча уюштурулду. Сүрөт

ӨКМ буга чейин шашылыш билдирүү таратып, сууктун мизи жуманы этектеп барып кайта турганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам жалпы өлкө аймагы боюнча жылынуучу жайлар уюштурулганын ӨКМ билдирди.
1 / 4

Катуу сууктан улам жалпы өлкө аймагы боюнча жылынуучу жайлар уюштурулганын ӨКМ билдирди

2 / 4

Мындай чара материалдык чыгымга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малды чыгымсыз кармоо максатында көрүлүүдө

3 / 4

Ал эми калк көп жашаган Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган

4 / 4

Азыр Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында төрт пункт иштөөдө.

Мындай чара материалдык чыгымга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малды чыгымсыз кармоо максатында көрүлүүдө.
"Автоунаа жолдору жабылганда, чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында Бишкек — Ош автоунаа жолундагы "Арал", "Сосновка" постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында жана Бишкек — Токмок автоунаа жолунун боюндагы Кант шаарында ӨКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган жылынуучу, тамактануучу жайлар иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми калк көп жашаган Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган. Азыр Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында төрт пункт иштөөдө.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунда эки, Ленин районунда үч, Биринчи май районунда бир жана Октябрь районунда үч чатыр тигилип, жылынуучу пунктулар уюштурулган.
ӨКМ буга чейин шашылыш билдирүү таратып, сууктун мизи жуманы этектеп барып кайта турганын кабарлаган.
Эскертүү! Бишкек — Ош жолунда 12-18-январда кар атып түшүрүлөт