Бишкекте үй уурусу деп шектелген киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жеке үйлөрдүн биринен зер буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалганын Шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.
Өткөн жылдын октябрь айында милицияга Ак-Босого жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип тоноп кеткени тууралуу арыз түшкөн. ШИИБ 43 жаштагы жарандын кармалганы тартылган видеону жарыялады.
Андан балка, кулпу жана башка шаймандар табылган. Кылмышка шектүү жаран бир айга №1 тергөө абагына киргизилди.
УКМК Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикерин кармады