Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

УКМК Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыкты кармады. Сүрөт

Куралдуу кагылышууга катышкан жаран кечээ колго түшүрлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. кармалды. Бул туурасында атайын кызматтан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, кыргызстандык К.у.А. Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында куралдуу кагылышууга катышкан.
Аталган жаран кечээ, 11-январда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок анын кайсы жерден колго түшүрүлгөнү жазылган эмес. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
Атайын кызмат чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Ошто мушташка катышкан УКМК кызматкерлери кызматтан алынды. Видео