Радио

Кенжематова: өлкөдө үч геопарк түзүлүүдө

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Кыргызстан туризм тармагынан Борбор Азияга үлгү боло аларын белгиледи.
Sputnik
Республика боюнча жергиликтүү геопарктарды түзүп, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктарынын тизмесине киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, геопарк — жергиликтүү коомчулук тарабынан корголо турган аймак.
"Туризм тармагынан Кыргызстан Борбор Азияга үлгү боло алат. Анткени бизде жасалып жаткан айрым иштер Борбор Азия өлкөлөрүндө баштала дагы элек. Мисалы, учурда республика боюнча жергиликтүү геопарктарды түзүп, ЮНЕСКОнун статусун алуу үчүн иштер жасалууда. Азыркы тапта Баткенде "Мадыген", Ысык-Көлдө "Тескей" жана Ошто да бир геопарк уюштуруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Өлкөдө жалпы 10го чукул жергиликтүү геопарк уюштурууга мүмкүндүк бар экенин талдоо көрсөттү. Ал жакта экологиялык таза продукция чыгарылат", — деди Кенжематова.
Ошондой эле ал геопарктар экология, улуттук маданиятты сактоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.