Радио

Бөрүбашов: тарыхый булактарда "курултай" деген сөз жок

Президенттин кеңешчиси, эмгек сиңирген юрист, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов кыргыздар тууралуу тарыхый булактарда "курултай" деген сөз жоктугун айтты.
Sputnik
Кыргыздар тууралуу тарыхый булактарда "жыйын", "топ" деп жазылып сакталып калган, бирок "курултай" деген сөз кездешпейт. Курултай — бул ошол жыйындардын формасы болгон. Мындай пикирин Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-бабалар доорунда эки түрдүү курултай болгон.
"1508-жылы кыргыздар Мухаммед кыргыз же болбосо Тагай бийди хан көтөрүшкөн. 1517-жылдан тарта бул киши бүтүндөй кыргыз урууларынын каны болгон. Мамлекет "Кыргыз улусу" деп аталган. 1524-жылы ошол кездеги казактын каны Тахир менен Кочкордо жолугушуп, моңгол баскынчылыгына каршы туруштук бере ала турган аскердик уюм түзүү боюнча сүйлөшүшкөн. Мындан кийин XVII-XVIII кылымдарда экинчи ирет кыргыз уруу бирикмелери мамлекет түптөөгө далалаттанышкан. Анда калмак, ойрот жапырык деп коет, ошолордун чабуулуна туш келип калган. Бул тарыхта мамлекеттик саясий бирикме деген ат менен калып, Маматкул, Белек кандардын доору тууралуу маалыматтар бар. Бул мамлекет түзүү аракеттеринен кийин 1842-жылы кыргыздар үчүнчү ирет бир туунун алдына биригүү ыкласын билдиришип Ормон канды шайлашкан. Жалпысынан алганда кыргыздар мына ушинтип үч ирет мамлекет түзүү аракетин көрүшкөн. Бул жерде кандардын баары курултай аркылуу шайланып келген. Көчмөн элде отурукташкан калктан айырмаланып, кандык же болуштук, айтор, бийлик укумдан-тукумга мураска өткөн эмес. Кандар белгилүү бир мөөнөткө гана шайланышкан. Адатта ал аскердик жүрүштөр менен ченелген. Курултай деп тарыхта сакталып калбаптыр, бирок курултай мына ушул кыргыздар жыйын, чоң жыйын, топ деп атаган иш-аракеттердин формасын түшүндүрөт. Курултайдын эки түрү болгон. Биринчиси — бул жалпы элдик курултай, экинчиси — бийлик өкүлдөрүнүн курултайы. Жалпы элдик курултайда калктын чарба маселелери көтөрүлүп, күн тартиби алдын ала бекитилген. Ошентип курултай институту кыргыздарда мамлекеттик жогорку бийлик органы болуп эсептелген", — деди Бөрүбашов.
Окумуштуу курултай мыйзам чыгаруу жана сот системасынын ишин аркалаганын кошумчалады.