БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Россияда коронавирустун жаңы "кракен" аттуу омикрондук штаммын жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун маалымат кызматы билдирди.
Ал Пенза облусунда аныкталган.
"Россияда "омикрондун" көптөгөн түрлөрү аныкталды, бирок ВА.5 эң кеңири тараган түрү болууда. "Дельта" варианты 2021-жылдын экинчи жарымында күч алып, 2022-жылдын күзүндө азая баштаган. Башка штаммдар акыркы айларда аныкталган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Роспотребнадзордун жана башка бөлүмдөрдүн лабораториялары VGARus улуттук маалымат базасына геномдук маалыматтарды жүктөп жатат. Ал аркылуу Россиядагы жана коңшу өлкөлөрдөгү коронавирустун түрлөрүнүн айлануусун көзөмөлдөөгө болот. Буга чейин аталган базага 226 миң геномдун тизмеси чыккан.
РИА Новости "кракен" штаммы 2022-жылдын октябрында аныкталганын жазды. Бул "омикрон" ВА.2нин рекомбинаты. ДССУнун маалыматы боюнча, мутация анын клеткага жабышып оңой көчүрүлүшүнө мүмкүндүк берет. Ошондуктан ал коронавирустун белгилүү варианттарынын ичинен эң жугуштуусу болуп эсептелет.
Азырынча "кракен" 25 өлкөдө катталган, бирок аны жуктуруп алган учурлар көбөйүүдө. ДССУ дүйнө жүзү боюнча инфекциянын жаңы толкундары болорун айтып, бирок бул өлүмдүн күчөшүнө алып келбейт деп үмүт артарын белгиледи.