Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Соледар аймагы украин аскерлеринен толук бошотулганы кабарланды

Соледарда дайынсыз жоголгон эки британ аскердин биринин сөөгү табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Вагнер тобунун" негиздөөчүсү Евгений Пригожин Соледардын толук бошотулганын кабарлаган маалымат топтун Telegram каналында жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Соледар аймагынын украин аскерлеринен толук бошотулганын жана тазаланганын дагы бир жолу ырастайм", — деген Пригожин.
Бизнесмендин айтымында, жай тургундар шаардан көчүрүлгөн.
Ошондой эле өткөн суткада РФ Куралдуу күчтөрү Соледар районундагы Подгородное айылын өз көзөмөлүнө алгандыгы айтылды.
Соледар — Украина үчүн стратегиялык мааниге ээ шаар. Ал Артемовск — Северск коргонуу линиясынын борборунда жайгашкан. Бул жерде украиналык аскерлер кубаттуу коргонуу чептерин тургузушкан. Соледарды бошотуу Артемовск менен Северскинин жолун кесүүгө, ошондой эле Артемовскинин түндүк тарабын ээлөөгө мүмкүндүк берет.
24-февралдан бери Украинада атайын аскердик операция жүрүп жатат. Владимир Путин муну "Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугун кепилдеген шарттарды түзүү" деп атады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушилин ДЭРди бошотуудагы бурулуш учур боюнча билдирүү жасады