Президент Новосибирскидеги консулду алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Россиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна Айбек Айдарбеков дайындалып, буга чейин аталган кызматта иштеп келген Калдарали Маматалиев бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Маматалиев аталган кызматка 2019-жылы дайындалган болчу.
Токтошев: "Улуу көчмөндөр мурасы" ишканасынан 700 млн. сомдун дайыны жок