Кыргызстандык балдар Россиядагы "Карлов окуулары" форумуна чакырылды

Жеңүүчүлөр, катышуучулар жана алардын насаатчылары Москвага жазгы каникул учурунда барат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы 8-11-класстардын окуучулары "Карлов окуулары — 2022" конференциясына катышууга чакырылды. Бул тууралуу Бишкектеги “Русский дом” (Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү) кабарлады.
"Жеңүүчүлөр, катышуучулар жана алардын насаатчылары Москвга жазгы каникул учурунда чакырылат. Анда форумдун алкагында иш-чаралар өтөт. Борбор калаада экскурсия уюштурулуп, дипломаттар жана эл аралык мамиле жаатындагы изилдөөчүлөр менен жолугушуулар, интеллектуалдык оюндар жана мастер-класстар болот", — деп жазылган маалыматта.
Эссени 15-январга чейин Forum-A.Karlova@yandex.ru. электрондук почтасына жөнөтүүгө болот. Иштин темаларын жана анкета толтурунунун формасын шилтеме аркылуу жүктөп алууга болот.
Форум советтик жана россиялык дипломат, элчи, РФтин Баатыры Андрей Карловдун жаркын элесине арналат.
Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду сүрөт көргөзмөсүн ачып жаткан учурда полиция кызматкери Мевлүт Мерт Алтынташ атып өлтүргөн. Кылмышкерди коопсуздук кызматы ошол жерден жок кылган. Ага көз жумгандан кийин баатыр наамы берилген.
Элчи Карловду өлтүргөндөргө Анкарада өкүм чыкты