Кыргызстан 2024-жылкы Олимпиадага канча жолдомо алууну пландап жатат?

Бүгүнкү күндө өлкөдө фехтование, жаа атуу, ок атуу жана башка спорттун түрлөрүнө көңүл бурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатканын Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев Sputnik радиосуна билдирди.
Лицензиялар быйыл ойнотулат, ошондуктан сынакка даярдыкка өзгөчө көңүл бурулууда.

"Өткөн жыл ата мекендик спортчулар үчүн жемиштүү болду, алар тарыхый жыйынтык көрсөтүштү. Париж Олимпиадасы жакындап калды. Биз сапаттуу машыгууга көңүл бурабыз. Спорттун 11 түрү боюнча 30 жолдомо алгыбыз келет, анын ичинен үчөө Паралимпиадага жолдомо", — деди Шабданбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө фехтование, жаа атуу, ок атуу жана башка спорттун түрлөрү өнүгүп, спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
"Быйыл спортко бөлүнгөн каражат мурдагы жылдарга караганда бир топ эле көп, Олимпиада оюндарында жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деп ишенем", — деп жыйынтыктады бөлүм башчы.
Грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук командага балбандар тандалат