Баткенде жабыркагандардын 854 документи калыбына келтирилди

Кызмат акысыз көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Баткен облусуна тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган жарандардын 854 документи калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Документтерди калыбына келтирүү үчүн Баткен облусунун үч районунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында мобилдик топтор уюштурулганы белгиленди.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 928 мамлекеттик кызмат көрсөтүлүп, анын ичинен 854 документ берилген. Мындай кызмат акысыз көрсөтүлгөн.
Россия Баткендеги балдарга гумжардам берди. Сүрөт