79 жыл илгери ушул күнү Ленинград блокадасын үзүү кадамы ташталган. Тарыхый видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мындан туптуура 79 жыл илгери дал ушул күнү, 12-январда, Ленинград курчоосун жарып өтүү аракети башталган.
Бул дата тууралуу баяндаган видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жайгаштырды.
"Искра" операциясын кол башчы Георгий Жуков жетектеп, блокада шакекчесинин ичинен жана сыртынан бир дем менен жапырт жарып өтүү иштери колго алынган.
Шаарды Ленинград жана Волхов фронтторунан коргоп турушкан.

Позициялар арасында эң кыска позиция

Командачылыктын алдында Ладога көлүнүн түштүк жагындагы немецтердин тосмосун бузуу милдети турган. 1943-жылы Ленинград курчоосу үзүлгөн. Бирок азаптуу күндөр дароо эле бүтүп калган эмес. Толук бир жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы 27-январда гана шаар толугу менен бошотулуп, тазаланган.
Немец тилегин таш каптырып: 80 жыл мурдагы "Кольцо" операциясынын видеосу