13-январга карата аба ырайы

13-январда республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жума күнү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -11…-16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -9…-14, Ысык-Көл жеринде -7…-12, Нарында 13…-18 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -12…-14, Ош шаарында -9…-11 градус болот.
Катуу суукта үшүктөн сактай турган тогуз эреже