Жергиликтүү кеңештердин төрагаларына айлык төлөө демилгеленди

Учурда калкынын саны 20 миңге жетпеген айылдык жана шаардык кеңештердин төрагалары маянасыз иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын баарына айлык төлөө мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков иштеп чыгып коомдук талкууга койду.
Учурда калкынын саны 20 миңге жетпеген айылдык жана шаардык кеңештердин төрагалары маянасыз, коомдук башталышта иштеп, сессияларды өткөргөндүгү үчүн бир жолку компенсациялык төлөм алышат.
Долбоордун негиздемесинде өлкөдө калкынын саны 20 миңге жетпеген 409 айылдык кеңеш жана райондук маанидеги 11 шаардык кеңеш бар экени жазылган.
"Коомдук башталышта иштеп жаткан төрагалар бардык айылдык кеңештердин төрагаларына бирдей деңгээлде жүктөлгөн жумушту аткарышат. Эмгек акы менен камсыз кылуу айылдык кеңештердин ишмердигин активдештирүүнү камсыздайт жана жергиликтүү бийлик органы менен өз ара иштешүүнү күчөтөт. Ушуга байланыштуу тургундардын санына карабастан жергиликтүү кеңештердин төрагаларына эмгек акы белгилөө сунушталып жатат", — деп жазылат негиздемеде.
Мыйзам долбоорунун автору бир төраганын маянасы орточо 28 000 сом болсо, жылына кошумча 141,1 миллион сом керектелерин эсептеп чыккан.
Депутат: мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык төлөнбөй жатат