Мындай ойлорго олуттуу негиз бар деп эсептеген серепчи Дмитрий Бавырин Америкадагы соңку саясий окуяга баам салган. Анын кезектеги ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Эл өкүлдөр палатасы бюджет маселесинде чечүүчү роль ойнойт. Ал эми жаңы спикер бюджеттин чыгаша бөлүгүн жалпы 130 миллиард долларга кыскартууну убада кылды. Анын ичинде коргоо тармагына сарптала турган чыгымдар да 75 миллиард долларга төмөндөтүүнү сунуштайт.
Республикачылар өз күчтөрүн курал менен жабдуу жаатында Пентагондун эбегейсиз долбоорлорун каржылоону азайтууга даабайт, анткен менен Украина Куралдуу күчтөрүнө көмөктөшүү кыскарып калышы ажеп эмес. Муну Маккартинин бул кызматка ар кандай жагдай, тил табышуулардан кийин келиши да тастыктайт. Ал киши он бешинчи (!) аракетинен кийин гана спикерликке шайланды. Улам тийиштүү добуш ала албай калышына (бир жарым кылымдан ашуун убакыттан бери андай көрүнүш боло элек эле) партиянын ичиндеги ондогон депутаттардын каршылыгы себеп катары айтылат.
Каршы чыккандардын башында Аризонадан Энди Биггс, Флоридадан Мэтт Гетц жана Колорадодон Лорен Боберт турат. Аталган конгрессмендер чындап эле Дональд Трампты колдогондору, бирок Трамп өзү Маккартинин шайланышын кубаттаганы айтылат. Либералдар эбак эле Гетц менен Бобертти каралоого өткөн. Маселен, аларды Украина президенти конгрессте сүйлөп жатканда аны тыңдоонун ордуна телефон карап отурушканы үчүн аябай сынга алышты.
Бирок мында Зеленский деле Трамп өңдүү эле бир жагдай экенин белгилөөгө болот. Гетц жана Боберт менен күрөштө либералдар эң оболу Флориданын губернатору Десантис менен кызыл чеке болушту. Сөз арасында Гетц ушул штаттын өкүлү болсо, Боберттин теги ошол жактан экенин да белгилей кетели. Бирок аларга карата колго илинерлик компромат таба алышпады.
Жогоруда аталган беш саясатчы Украинага жардам катары кеткен чыгымдарды байма-бай сынга алышат. Айрыкча Гетц, Украина Куралдуу күчтөрүнө бериле турган ленд-лиз жөнүндөгү мыйзам долбооруна ал киши баштаган эл өкүлдөрү каршы добуш беришкени маалым эмеспи.
Россия менен тиреш, Украинаны колдоо — бул Америка Кошмо Штаттарынын эки партиялык – республикалык-демократиялык саясаты. Түзүлүп калган тутумга жыйырма чакты депутат, алардын бири коргоо боюнча комитетти тескеген күндө да каршы тура албасы айдан ачык. Анткени ошол система бир президентти – "Москва менен тил табышууну" каалаган Трамптын өзүн талкалап койбодубу.
Республикачылар Украина Куралдуу күчтөрүн туңгуюкка кептөөнү эмес, демократтар жактаган андай жардамдын майнапсыз жана жөн гана ысырапкорчулук экенин көрсөтүүнү, экинчиден, Байденге, анын уулу жана жанындагы жан-жөкөрлөрүнө каршы компроматтарды казып чыгууну көздөшөт.
2023-жылга Украина Куралдуу күчтөрүнө делген 50 миллиард доллардан ашуун каражат топтому эбак бекитилген, ал эми 2024-жылга дейре атайын аскердик операция зонасында көп нерсе ошол эле россиялык армиянын күчү менен өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Россиянын мурдагыдай эле эки союздашы бар, бирок спикер Маккартиге үмүт артууга эч бир себеп жок. Американын Украинага жасаган басымы канчалык жогору экенин ал дагы жакшы түшүнүп, Европанын Россия менен болгон экономикалык согушунун пайдасынан кабардар.
АКШдагы бул көрүнүш АКШ коомдогу ажырымдын тереңдигин, саясий тутумдун каатчылыгын, кыйын кезеңди айгинелеп турат. Маккарти деле абалды өзгөртүүнү анчейин самабайт, өзгөртүп деле жибере албайт.
Өкүлдөр палатасынын спикерлигине 1860-жылы 44 (!) аракеттен кийин шайланган Уильям Педдингтон деле жарытарлык иш аткара алган эмес. Тарыхта болгону тынч доордун эң соңку спикери катары маалым.