Төө-Ашууда кар көчкү минивэнди басып калды. Видео

Учурда ашууда жол жеңил унаалар үчүн гана ачык.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кечээ, 10-январда, Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жолду жаап калганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымында көлөмү 4000 метр куб кар көчкү түшкөн. Эки сааттын ичинде транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл толугу менен жабылган.
"Кар көчкү бир минивэнди басып калган. Бирок аны жакын жерде жүргөн Транспорт министрлигинин кызматкерлери тез арада чыгарып алышкан. Жабыркагандар жок", — деп билдирди министрлик.
Учурда ашуудан жеңил унаалар гана өткөрүлүп жатат.
11-январга карата аба ырайы