"Шамбала" тасмасы Индияда өткөн кинофестивалда сыйлыкка ээ болду

Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Индиянын Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "Мыкты тасма" номинациясын жана "Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын" жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ал буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
"2021-жылдын апрель айында Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда "Ника" сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура боюнча сыйлыкты жана башка бир катар эл аралык байгелерди утуп алган", — деп жазылат маалыматта.
Тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
"Шамбала" Иранда өткөн фестивалда 7 номинацияда жеңүүчү болду