Парламент 20 млн. сом төлөгөн чет элдикке виза берүү мыйзам долбоорун кабыл алды

Мыйзам долбоорун бир нече депутат демилгелеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш мамлекетке пайда алып келген чет элдиктерге 10 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык виза берүү мыйзам долбоорун кабыл калды.
Ага ылайык, эгерде инвестор Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес акчалай же материалдык салым кошсо, республиканын бюджетине которсо беш жылга виза берилет. Ушундай эле тартипте 20 миллион сом жумшаса 10 жыл бою жашоого уруксат алат.
Эми документке президент кол коё турган болсо, "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева демилгелеген.
Кыргызстан Евробиримдиктен өлкө жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү суранды