ТИМ Памирде вирустун жайылышы жана адамдардын өлүмү тууралуу кабарды текшерүүдө

Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын тактоо үчүн элчиликтин өкүлү аталган аймакка жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Афганстандын Памир өрөөнүндө вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттарына тараган маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерип жатат. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты.
"Телефон байланышы жок болгондуктан жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын билүү максатында аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок", — деп жазылат билдирүүдө.
Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Афганстандагы элчилиги бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, афган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта экендиги айтылды.
Бийлик Чоң-Алайга 1500 памирлик кыргызды көчүрүп келүүгө белсенип жатат