Баткен милициясы сөөгү табылган аялдын өздүгүн аныктоо үчүн элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Баткен шаардык милициясы үйлөрдүн биринде сөөгү табылган жарандын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулукту жардамдашууга чакырат. Бул тууралуу Баткен ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-январында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты Баткен ШИИБдин электрондук журналына катталган.
Маркумдун өзгөчө белгилери: жашы 45-50 чамаларында, бою болжол менен 155-165 сантиметр, кашы, көзү кара, арыкчырай, чачы кыска.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк свитер.
"Психикалык жактан жабыркаган. Өзүн "Санабар" деп тааныштырып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы маркум аял тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35 телефон номерлери аркылуу байланышса болот.
УКМК Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикерин кармады