Бишкекке 20 жаңы автобус алып келинди

Борбор калаага жаңы автобустарды алуу үчүн шаардык бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдады.
1 / 3

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдады

2 / 3

Жакында борборго дагы 100 автобустун алып келиниши күтүлүүдө

3 / 3

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн

"Автобустун узундугу 10,5 метр, ал газ кыймылдаткычы менен жүрөт. Транспорт 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бир орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга арналган", — деп билдирди мэрия.
Жакында борборго дагы 100 автобустун алып келиниши күтүлүүдө.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн.
Мэрия Бишкекке алып келине турган 120 автобуска айдоочу издеп жатат