Кыргызстандан ЕАЭБден сыртка жыгач ташууга тыюу салынды

Маалыматта өкмөт мындай аракет менен өлкөнүн ички рыногунда жыгачтын жана жыгач материалдарынын тартыштыгын алдын алары айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык биримдигинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорунда жазылган.
Документте жазылгандай, аталган материалдарды 15-февралдан баштап сыртка чыгарууга тыюу салынып, алты айга чейин уланат. Ага ылайык, 4401, 4403, 4407 коду менен классификациялануучу жыгачты жана жыгач материалдарын экспорттоого болбойт.
Маалыматта өкмөт мындай аракет менен өлкөнүн ички рыногундагы жыгачтын жана жыгач материалдарынын тартыштыгынын алдын алары айтылат.
Өкмөт Кыргызстандан сыртка буудай ташып чыгууга убактылуу тыюу салды