"Нукус" деген сөз ант, шерт, салт дегенди билдирет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү сөз айкашына, сүйлөмдүн маанисине жараша колдонсо болот.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Манас" эпосунда "нукусу сени урбайбы, акиси сени урбайбы" деген саптар кездешет. Бул жерден бөлүп карай турган көөнө сөз "нукус". Анын жалпы мааниси ант, шерт, салт дегенди билдирет. Ал эми "нукусу сени урбайбы" дегенде анты урат, шертти бузду деп чекилик кылып, ката кетиргендерге карата айтылган. Муну сөз айкашына, сүйлөмдүн маанисине жараша антты, шертти, салтты бузуу, каргышка калуу, зыян, залакасын тийгизүү, шек туудуруу деген мааниде колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөр тилди байыта турганын кошумчалады.