Салык кызматы ККМдин жаңы моделине өтүү мөөнөтүн эки айга узартты

Мекеме мөөнөттү узартуу ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында жасалганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) жаңы моделине өтүү мөөнөтү эки айга узартылып, ККМ колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта бул ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле бизнес субъектилеринин кайрылууларын эске алуу менен жасалганы айтылат.

"ККМдин жаңы моделине өтүү мөөнөтү 2023-жылдын 1-мартына чейин, ал эми товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү 2023-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъектилер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алат (патент шартында)", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилген:
гезит-журнал күркөлөрүндө гезит жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары башка товарларды сатуу;
кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларёкторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;
окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.
Толук маалыматты аймактык салык органынан же сайтынан алууга болот.
Салык кызматы КНСти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизди