Сот Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы 23-октябрдан бери УКМКнын СИЗОсунда жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттин экс-спикери Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Бүгүн сот Исаевди 20-февралга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.
2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаев бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгон. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган. Былтыр 20-октябрда саясатчы кармалып, андан соң УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Базарбеков: Садыр Жапаровду соттогон судья, прокурорлор өздөрү иштен кетишти