Грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук командага балбандар тандалат

Мелдеш Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-22-январында Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча жана 23-24-январь күндөрү эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана өлкө жаштарынын арасында күрөштү популяризациялоо максатында өткөрүлөт.
Спортчулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 килограмм салмак категорияларында күч сынашары айтылды.
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатына катышат