Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бучада тигилген казак боз үйү. ТИМ бийликтин акцияга катыштыгы жоктугун билдирди

Министрлик боз үй казакстандык жеке компаниялардын демилгеси менен тигилгенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров Украинанын Буча шаарында "жеңилбестиктин боз үйүнүн" орнотулушуна казак бийлигинин эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буча шаардык кеңешинин сайтында "Казакстандын Украинадагы элчилигинин жана Украинанын элдик депутаты, Казакстан менен парламенттер аралык байланыштар боюнча депутаттык топтун төрагасы Сергей Нагорняктын колдоосунун аркасында "жеңилбестиктин боз үйү" пайда болду" деген маалымат жазылган.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин 10-январда берген маалыматында, казак тарап Бучадагы акцияга Казакстан ТИМинин катыштыгы бар делген маалымат чындыкка дал келбегенин билдиргени айтылат.
Смадияровдун айтымында, казакстандык меценаттар "украин элине жардам берүүнү чечишкен".
"Биз буга тыюу сала да албайбыз, комментарий да бере албайбыз... Казакстанда 300 миңдей украин жашайт. Бул чоң диаспора. Ошол эле учурда Украинада да казак диаспорасы бар. Алар бири-бири менен катташат, улуттар аралык никелер, туугандар жана достор бар. Ал эми бир улуттун башка улутка жардам бергенинде эч кандай көйгөй жок, бул табигый нерсе. "Жеңилбестиктин боз үйүнө" элчиликтин эч кандай тиешеси жок, бул жеке казакстандык компаниялардын демилгеси", — деп түшүндүрдү Смадияров.
Буга чейин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "бул теманы мындан ары ырбатпоо", "орус-казак стратегиялык өнөктөштүгүнө жана союздаштыгына доо кетирбөө үчүн божомолдорго чекит коюуга досторубуздун расмий комментарийи абдан маанилүү" деген.
Пашинян Арменияда ЖККУнун машыгуусу өтпөй турганын айтты