Эскертүү! Бишкек — Ош жолунда 12-18-январда кар атып түшүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. ӨКМ менен Коргоо министрлиги Бишкек — Ош жолунда көчкү кооптуулугу жаралган жерлерде карды атып түшүрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана куткаруу иштерин жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Болот Шаршеналиев билдирди.
Анын айтымында, мындай чара кар көчкүлөрдү алдын алуу максатында жасалууда.
Карды атып түшүрүү иштери Бишкек — Ош каттамынын 121-138 жана 198-245-чакырымдарында (Ала-Бел жана Чычкан ашуулары), Суусамыр — Талас жолунун 1-14-чакырымында жүргүзүлөт.
Шаршеналиев бул күндөрү алыскы жолго чыкпоону сунуштады. Аткылоо учурунда жолдор тосулуп, унаа тыгындары жаралышы мүмкүн.
ӨКМ алдыдагы үч күндө ашууларга кар көчкү түшөрүн эскертти