Пашинян Арменияда ЖККУнун машыгуусу өтпөй турганын айтты

Буга чейин Армениянын Коргоо министрлиги ЖККУнун Бирдиктүү штабына өлкө аймагында машыгууларды өткөрө албай тургандыгы боюнча билдирүү жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Быйыл Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларын Арменияда өткөрүү максатка ылайыксыз. Мындай пикирин аталган өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян маалымат жыйында айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында 2023-жылы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүмдөрү башка өлкөлөрдүн улуттук армиясы менен биргеликте машыгууларды өткөрүүнү пландаганын билдирген. ЖККУнун тынчтыкты орнотуучулар контингентинин биргелешкен "Боордоштук" аталышындагы машыгуулары Арменияда өтмөк.
"Менимче, азыркы айткандарым жөн гана эске салуу болот. Анткени Коргоо министрлиги буга чейин ЖККУнун Бириккен штабына республиканын аймагында жаралган жагдайда машыгууларды өткөрүү максатка ылайыксыз экенин айтып кайрылган. Армениядагы бул окуулар быйыл өткөрүлбөйт", — деген Пашинян.
Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты