Японияда куш тумоосунун жаңы толкуну пайда болду

Эксперттер илдеттин пайда болушун сентябрдын соңунда адаттагыдан эртерээк башталган келгин куштардын сапарына байланыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. – Sputnik. Япониянын Миядзаки префектурасында жаңы куш тумоосу чыгып, 100 миң тоокту кырып жок кылуу башталганын аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирген.
РИА Новостинин маалыматына караганда, Каваминами аймагындагы тоок ферманын кызматкерлери өлүп жаткан тоокторду тапкандан кийин тумоо каптаганы боюнча шектенип башташкан. Генетикалык анализ жүргүзүлгөн соң куш тумоосунун өтө патогендүү штаммы табылып, кооптонуу тастыкталган.
Ферманын үч чакырымдык радиусунда тоокторду жана жумурткаларды ары-бери ташууга карантин киргизилип, 10 чакырымдан ары алып чыгып кетүүгө тыюу салынган.
Эксперттер илдеттин пайда болушун сентябрдын соңундагы адаттагыдан эртерээк болгон келгин куштардын сапарына, андан улам ар кыл аймактарга вирустун тарашы менен байланыштырган. Канаттуулар ылаңы Японияда акыркы 29 жылда жумуртканын баасынын өтө көтөрүлүп кетишине бирден-бир себеп болду.
Ведомствонун билдиргенине караганда, Японияда бул сезондо жогорудагы себептен улам жок кылынган куштардын саны 10 миллионду чапчыган. Өткөн сезондо куш тумоосу үй канаттуулар тармагынын өндүрүшүнө ири зыян келтирген. Анткени 2020-жылдын ноябрынан тарта 2021-жылдын мартына чейин 9,87 миллион тоокту жок кылышкан. Себеби 18 префектурада 52 ирет аталган илдет чыккан.
Казакстанда кырылган ак куулардан куш тумоосу табылды