Төө-Ашуу ачылды. "Сосновка" жана "Арал" постторунда жылытуучу жайлар уюштурулат

Катаал аба ырайына байланыштуу Бишкек — Ош жолу жабылса, "Сосновка" жана "Арал" постторунда тамак-аш жана жылытуу пунктулары уюштурулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Азыркы учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдору ачык. Боом капчыгайында жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
"Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары азырынча унаалар үчүн ачык. Жолдор техниканын жардамы менен тазаланып, туз, кум өңдүү инерттик каражаттар себилип жатат", — деп жазылат маалыматта.
Бирок кечкисин "Сосновка", "Арал" жана "Кара-Көл" постторунда оор жүк ташуучу унааларга маал-маалы менен чектөөлөр киргизилери эскертилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолу аба ырайына байланыштуу тосулуп калса, айдоочулар үчүн "Сосновка" жана "Арал" постторунда тамак-аш жана жылытуу пунктулары уюштуруларын айткан.
ЖКККББ ашуулардагы аба ырайынын катаал шартын эске алып, жолго чыгууда унаалардын техникалык абалына көңүл буруп, аралыкты сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, дөңгөлөктөргө оролчу кошумча чынжырчаларды алып алууну эскертет.
Кыргызстандык айдоочу Казакстандын талаасында жүгүн 6 күн кайтарып жаткан. Видео