Талибдер аялдардын соода борборлордо иштешине тыюу салды

Мурдараак Кабул эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга кыз-келиндерди жумушка алууга болбойт деген шартын койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. – Sputnik. Афганстанда талибдер өкмөтү сулуулук салондорун жабууга он күндүк мөөнөт берип, ал эми соода борборлордо аялдардын иштешине тыюу салганын РИА Новости Al-Arabiya телеканалына шилтеме берип жазды.
"Талибан"* кыймылы түптөгөн өкмөт аялдардын сулуулук салондорун жаап салууга он күн мөөнөт берди", — деп айтып берген телеканалга маалымат берген адам.
Андан сырткары атайын жайларда, соода борборлорунда кыз-келиндердин иштешине тыюу салынганын да кошумчалаган.
Мындан мурдараак "Талибан"* өлкөнүн аймагында иш алып барган эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга кыз-келиндерди жумушка алууга болбойт деген шартын койгон.
Жогорку билим берүү министрлиги Афганстандагы жогорку окуу жайларда студент кыздардын билим алуусун токтотуу чечимин кабыл алган. Министрдин кыздардын светтик ЖОЖдордо окушу исламга каршы келерин айткан жайы бар.
* — Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл.
Афганистанда талибдер ИИМге кызматка аялдарды ала баштады