УКМК Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикерин кармады

Кармалган кызматкерлердин коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлерин коррупцияга шектүү деп кармады. Мындай билдирүүнү комитеттин маалымат кызматы таратты.
Алар Талас шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалган.
"Алар алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлык үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъектилерге "ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сый акы алып турушкан". Муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен жана түшкөн каражаттын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.
Бурулайдын өлүмүнөн улам иштен алынган Асанов Ош ШИИБге жетекчи болду