Кийинки айдан тарта Сиань — Бишкек — Сиань авиакаттамы ишке кирет

Кытайдын ири шаарларынын бири Сианга Бишкектен учак ар жекшемби сайын уча тургандыгы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 11-февралдан баштап Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан маалымдалды.
Билдирмеге ылайык, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы кийинки айда Сиань — Бишкек — Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландаган.
"Манас" эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу авиакаттамды ачуу биринчи жолу ишке ашканы турат. Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап ар жекшемби сайын жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектен Гоага түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө